Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы демонтаждалган жеңил объектилердин ээлери бир айдын ичинде Жерди пайдалануу башкармалыгына кайрылып, алып кете алаарын эскертет.

Объекттер бир айдын ичинде алынбаса, ээси жок болуп эсептелет.

Көңүл буруңуз, сиз мүлктү Байтик Баатыр көчөсү, 77 дареги боюнча ала аласыз.  

Кошумча маалыматты 0312 59-23-30 телефону аркылуу алса болот. Октябрь району - тел.: 0703 558 853;
Свердлов району - тел.: 0701 171 111;
Ленин району - тел.: 0702 682 168;
Биринчи май району - тел.: 0990 977 909