Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар департаментинин директору Жоомарт Шамкановдун катышуусунда Бишкек шаарынын «Мектеп лигасынын» шаардык финалынын жеңүүчүлөрү жана байге ээлери салтанаттуу түрдө Ысык-Көлгө жайкы эс алууга узатылды.

Алгачкы 100 бала эс алууга чыгышты. Бардыгы болуп 500 бала баш байгеге ээ болуп,— «Кыргыз деңизи» санаторийинин жайкы курортуна жолдомо алышты.

Шаардын «Мектеп лигасы» программасынын алкагында жыл сайын спорттун 13 түрү боюнча мелдештердин райондук жана шаардык этаптары өткөрүлөт.

«Мектеп лигасы» спорттук программасынын максаты Бишкек шаарында балдар жана өспүрүмдөр арасындагы спорту мындан ары өнүктүрүү, жалпы билим берүүчү мектептердин окуучуларын спорттун түрлөрүнө тартуу, адистештирилген спорт мектептеринде андан ары окутуу үчүн келечектүү спортчуларды аныктоо жана орто мектептер менен гимназиялардын ортосундагы достук байланыштарды түзүү болуп саналат.