Новопавловка муниципалдык аймактык башкармалыгы административдик-аймактык реформанын  алкагындагы Ленин районунун аймагындагы эң ири МАБдын бири.

Алсак, Улутстаткомдун 2021-жылдагы эл каттоосуна ылайык, Новопавловкада расмий түрдө 74 440 адам, ал эми расмий эмес маалыматтар боюнча 150 000ден ашык адам жашайт.

МАБнын аймагында 9  жаы конуш  жайгашкан, анда 2 мектеп, 3 бала бакча жана 4 медициналык мекеме бар.

Бүгүнкү күндө Новопавловка айыл өкмөтү тарабынан 2023-жылы бекитилген планды аткаруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Совет көчөсүн асфальттоо иштери аяктап, Крупская жана Киров көчөлөрүнө тротуар төшөлүүдө.

Ак-Ордо конушунун Эркин-Тоо 25 көчөсүнө   асфальттоо уланууда.

Дача Сунун ички жолдоруна шагыл төгүлүп, грейдер менен тегизделип, атайын техника менен иштер жүргүзүлүп жатат.

Жогоруда белгиленген иштер 2023-жылы кол коюлган жана жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген келишимдердин негизинде аткарылууда.

Ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бөлүнгөн каражатка Алтын-Ордо конушунун көчөсүнө шагыл төгүлгөн.

Мындан тышкары, масштабдуу курулуш иштери пландаштырылган.

Новопавловкада жолду жана Корсаковдор көчөсүнүн тротуарын асфальттоо, ирригациялык арыктарды, ошондой эле токтоочу комплекстерди орнотуу иштери жүргүзүлөт. 2 билим берүү мекемесине кошумча корпустардын курулуш иштери жүргүзүлүүдө.

Ак-Ордо конушундагы бала бакчаларды, мектептерди жана ооруканаларды куруу долбоорлору даярдалууда.

Ата-Журт жаңы конушунда мектеп, бала бакча, ҮМБ жана спорт комплексин куруу боюнча иштерди баштоо пландаштырылууда.

Мындан тышкары Учкун-2 конушундагы  мектеп, бала бакча жана ҮМБ куруу пландалууда.

Ошентип, жолдорду асфальттоо, жарыктандыруу, ошондой эле социалдык объектилерди куруу боюнча масштабдуу иштер аткарылууда.