Борбор калаадагы "Красный строитель" конушунда мурдагы заводдун имараты Свердлов райондук билим берүү башкармалыгына берилди.

Буга чейин: 2023-жылдын 6-апрелиндеги келишимге ылайык, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна тиешелүү Рабочая көчөсү, 11Б дарегинде жайгашкан 0,517 га муниципалдык жер тилкеси, андагы муниципалдык бала бакча комплекси, мамлекеттик мүлк Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментине тиешелүү Кийизбаев көчөсү, 206 дарегинде 1,516 га түзгөн иш жүзүндөгү имараттары менен алмашуу жүргүзүлгөн.

Красный строитель конушунун тургундарын бала бакча менен камсыз кылуу максатында башкармалык тарабынан имаратты өз ыктыяры менен бошотуу зарылдыгы жөнүндө билдирүү берилген. Андан бери 8 ай өттү.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин (мурдагы ММБФ) мурдагы ижарачысы имаратты бошотууга милдеттенген, бирок аны аткарган эмес.

Буга байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын кызматкерлери "Тазалык" муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү менен биргеликте объекттин аймагындагы жеңил конструкцияларды жана кошумча курулуштарды демонтаждашты.