Бүгүн,   21-июнда, борбор калаанын муниципалитетинин залында Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнүнө карата муниципалдык кызматкерлерди сыйлоо аземи өттү.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктап, мындан аркы ийгиликтерди каалады.

«Бул сыйлыктар акыркысы болбосун. Сиздердин ар бириңиздердин аткарып жаткан ишиңиздер Бишкек шаары үчүн өтө маанилүү. Сиздердин  кесипкөй, жоопкечиликтүү, ак ниет жана талыкпаган эмгегиңиздердин натыйжасында борбор калаабыз өнүгүүгө багыт алып, көптөгөн алгылыктуу иштер аткарылып  жатат», - деди борбор калаанын башчысы.

Ак ниет эмгеги жана кесипкөйлүгү үчүн 30 муниципалдык кызматкер Бишкек шаарынын мэриясынын ыраазычылык баракчасы, Ардак грамотасы жана кол сааттары менен сыйланышты.