Үстүбүздөгү жылдын 23-июнунан тарта Жибек-Жолу проспектисинде жолду капиталдык оңдоо жумуштары башталат. Ал бир нече этап менен ишке ашат.

Ага ылайык аталган көчө, капиталдык оңдоонун биринчи этабында Тоголок Молдо көчөсүнөн Ж. Абдрахманов көчөсүнө чейин жолдун түндүк тарабы жабылат.

Негизи, Жибек-Жолу проспектиси Тоголок Молдо көчөсүнөн  Курманжан Датка көчөсүнө чейин капиталдык оңдоодон өтөт. Жалпы узундугу 3,2 чакырым.

Белгилей кетсек, унаа тыгынын алдын алуу максатында жолдун түндүк жана түштүк тарабы өз-өзүнчө жасалат.

Урматтуу шаардыкта жана айдоочулар! Бишкек шаарынын мэриясы жол тыгынын болтурбоо үчүн  каттамыңызды  алдын ала пландап алууну сунуштайт.