Бүгүн, 21-июнда Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттарга борбордун социалдык-экономикалык абалы жана муниципалитеттин административдик-аймактык реформанын алкагында аткарган иштери жөнүндө айтып берди.
Маршруттук каттамдардын оптималдаштыруу иштери жүргүзүлүүдө. Азыркы учурда 1200 микроавтобустар шаардын борбордук көчөлөрүнөн чыгарылды. Чыгарылган микроавтобустардын ордуна автобустар киргизилди.
“Коомдук транспортторду көбөйтүү максатында республикалык бюджеттен 1000 автобус алынды, ЕБРР аркылуу 114 автобус, Германия грант аркылуу 17 автобус алынды, АБР аркылуу 120 электробус келиши күтүлүүдө”-деди мэр.