Бүгүн, 21-июнда Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттарга борбордун социалдык-экономикалык абалы жана муниципалитеттин административдик-аймактык реформанын алкагында аткарган иштери жөнүндө айтып берди.

Автоунаалардын туура эмес токтотуу менен күрөшү боюнча маселе курч турат, аны жөнгө салуу максатында "Ураган" автоматтык системасы пилоттук режимде ишке киргизилди. Бул система  “Коопсуз шаар” аркылуу иштейт.

Бул система  “Коопсуз шаар” аркылуу иштейт. Кошумча эвакуаторлар  алынып, өз иштерин аткарууда. Ошону менен бирге акылдуу паркинг системасын киргизүү иштери жүрүп жатат.

“Көп кабаттуу унаа токтотуучу жайлардын орундары аныкталып, инвестиция тартуу иш-чаралары жүрүп жатат. Ошондой эле, паркинг аянтын кыскартуу максатында жаңы ыкма колдонуу менен ротордук системасын орнотобуз.

Шаардын борбордук зонасында (золотой квадрат) жеке автоунаалардын жүрүсүн чектөө, акы төлөнүүчү парковкалардын  баасын көбөйтүү маселелери боюнча чет өлкөлөрдүн тажрыйбасын карап жатабыз”,- деп кошумчалады калаа башчысы.