“Бишкекшаартранс” муниципалдык ишканасы тейлеген №102 автобустун кыймылынын схемасы жарым-жартылай өзгөртүлдү.

Белгилей кетсек, бул иш-чара шаардын маршруттук тармагын оптималдаштыруунун алкагында жана Коммунаров көчөсүнүн жашоочуларынын көптөгөн кайрылууларынан улам кабыл алынган.