Бүгүн, 21-июнда Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттарга борбордун социалдык-экономикалык абалы жана муниципалитеттин административдик-аймактык реформанын алкагында аткарган иштери жөнүндө айтып берди.
“Бүгүнкү күндө троллейбустук линиялардын жалпы узундугу 210 чакырым түзүп, анын 70 пайызынын эксплуатациялоо мөөнөтүнөн өтүп кетти. Бул линиянарды алмаштырганга көп каражат кетет, троллейбустун бир метр чубалгысынын баасы 8 доллар турат. Ошондуктан троллейбустардын санын азайтып, шаарда чоң айлампа троллейбустун линияларын калтырабыз (Айтматов, Ахунбаева, Курманжан датка, Жибек-Жолу). Калган жолдордон бардык линияларды жана опороларды демонтаж кылып, жол жээгиндеги электр жана интернет чубалгыларын жер алды менен койо беребиз. Жыйынтыгында көчөлөрдө самсаалап илинген чубалгылар алынат”,-деди калаа башчысы.
Ал эми экологиялык чөйрөнү сактоо максатында келечекте электроавтобустарды машруттарга киргизилет.
2023-жылы Жогорку Кенеш колдоп берген Азия Өнүктүрүү Банкы менен келишимдин негизинде 120 электроавтобустарды алуу процесси аяктап, электрокубатточу инфраструктураны даярдоо боюнча иш алып барвлууда.
“Азыркы учурда жалпысынан 152 троллейбус бар. Ош шаарына 100 троллейбус берүүнү пландаштырып жатабыз. Бул кадам менен экинчи борбор шаарыбызга коомдук транспортунун өнүгүсүүнө жардам беребиз”,-деп кошумчалады калаа башчысы.