Бүгүн, 21-июнда Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттарга борбордун социалдык-экономикалык абалы жана муниципалитеттин административдик-аймактык реформанын алкагында аткарган иштери жөнүндө айтып берди.

Тазалык ишканасы тарабынан катуу калдыктар үчүн абоненттик базаны көбөйтүү жана башка ишканалардын кирешелерин көбөйтүү иштери жүрүп жатат.

“2024-жылдын 1-июнуна карата «Тазалык» муниципалдык ишканасынын абоненттик базасы 789 112 адамды түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу 250 миң адамга көбөйдү. Ал эми, чарба жүргүзүүчү субъектилер боюнча абоненттик база 15 052 чарба жүргүзүүчү субъектилер менен келишим түзүлүп, 4981 көбөйгөн”,-деди калаа башчысы.