Бүгүн, 21-июнда Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттарга борбордун социалдык-экономикалык абалы жана муниципалитеттин административдик-аймактык реформанын алкагында аткарган иштери жөнүндө айтып берди.Жергиликтүү бюджеттин кирешесин жогорулатуудан тышкары, муниципалдык ишканалардын ишинин натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүлүп жана пайда алып келүүсүнө өзгөчө көңүл бурулуп жатат.
Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын 2023-жылдын январь-май айларында бардык кирешелери 63 млн 500 миң сомду түзсө, 2024-жылдын ушул мезгилинде кирешелердин бардыгы 631 млн 800 миң сомду түздү.
“Мындай оң тенденция биринчи кезекте коомдук транспортто жүрүү үчүн каражаттарды чогултуунун натыйжалуулугун жогорулатуу менен байланыштуу. Мисалы, кызматка келгенден баштап, 2023-жылдын 1-ноябрына карата күнүмдүк транзакциялардын саны орточо 180 миң болсо, бүгүнкү күндө күнүмдүк транзакциялардын саны 450 миңден ашты”,-деп белгиледи А.Джунушалиев.