Бишкек шаарында 2024-жылдын 21-июнунан тарта №203 автобус каттай баштайт, аны «Бишкекшаартранс» муниципалдык ишканасы тейлейт.

Бул иш-чара борбор калаанын тургундарына ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн жана коомдук транспорт тармагын өнүктүрүүнүн алкагында ишке ашырылууда.

Белгилей кетсек, бара-бара бардык кичи маршруттук каттамдар толугу менен автобустарга алмаштырылат.