Автобустардын катышуусундагы жол кырсыктарын азайтуу максатында Бишкек шаардык транспорт муниципалдык ишкананын директору Талантбек Капаров менен МККБнын башчысынын орун басары Улан Саргашкаевдин катышуусунда көчмө жыйын өткөрүлдү.

Жетекчилер автобустар менен шаарды кыдырып, көйгөйлүү аймактар менен таанышты.

Автобустук линиянын бригадирлери коопту аймактарды көрсөтүштү. Көбүнчө бул таксилер токтогон аялдамалар, ошондой эле калк жашаган аймактардагы тар көчөлөр.

Мындан тышкары жүргүнчүлөрдү отургузуу жана түшүрүү маселеси көтөрүлдү. Айдоочулар иш-аракетине тоскоол болгон жол белгилери тууралуу айтып беришти.

Жетекчилер мындай жолугушуулар эми бардык жерде жана белгилүү бир убакыт менен өткөрүлөрүн белгилешти.