Москва шаарында КМШга катышкан мамлекеттердин балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн (акыйкатчылар) комиссиясынын үчүнчү отуруму болуп өттү.

Россия Федерациясынын Президентине караштуу балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Мария Львова-Белованын төрагалыгы алдында балдардын укуктарын коргоого тиешелүү негизги маселелер боюнча кеңири күн тартиби менен жыйын КМШнын аткаруу комитетинде, КМШнын башкы катчысы Сергей Лебедевдин, Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн (акыйкатчылар), КМШнын Экономикалык кеңешинин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, ошондой эле КМШнын Аткаруу комитетинин, КМШнын Экономикалык Сотунун жана КМШга катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Кеңешинин Катчылыгынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Иш-чарага ошондой эле мэрдин  орун басары Виктория Мозгачева,  КР балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева жетектеген делегация катышты.

Жыйындын жүрүшүндө Виктория Мозгачева мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын укуктарын камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын эмгек мигранттарынын балдарынын билим алууга жана медицинага болгон укуктарынын корголушуна мониторинг жүргүзүү маселелери боюнча докладдар менен чыгып сүйлөдү.

Мындан тышкары, балдардын укуктарын камсыз кылууда артыкчылык катары балдардын коопсуздугу проблемалары, анын ичинде зордук-зомбулуктан жана буллингден коргоо; ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдарды жарандык таандык мамлекеттерге кайтаруу жана кайра бириктирүү; жашы жете электердин киберкоопсуздугунун абалы (жеке маалыматтарды коргоо), интернат системасында балдарды тарбиялоо жана билим берүү ж. б. боюнча баяндамаларды жана презентацияларды берүү маселелери талкууланды.

Отурумдун катышуучулары тажрыйба алмашуу, КМШга катышкан мамлекеттерде балдардын укуктарын коргоо боюнча чараларды жана аракеттерди координациялоо, балдардын укуктарын камсыз кылуу боюнча улуттук системаларды өркүндөтүүгө багытталган жалпы сунуштарды иштеп чыгуу үчүн КМШга катышкан мамлекеттердин балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу комиссиясынын ишинин жана анын жыйындарынын форматынын маанилүүлүгүн өзгөчө белгилешти.