Ахунбаев көчөсү жана Байтик Баатыр көчөсү капиталдык оңдоодон өтүүдө.

Ошентип, Байтик Баатыр көчөсүнүн Горький көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү коомдук транспорт үчүн жабылды.

Буга байланыштуу №6, 52, 55, 56, 100, 103, 145, 152, 169, 195, 212, 226 автобус каттамдарынын кыймыл схемасы убактылуу өзгөртүлдү.

Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун каттамдарын пландаштырууда бул өзгөртүүлөрдү эске алууну өтүнөт.

Кыймыл схемалары менен төмөндө таанышса болот.