2024-жылдын 19-июнунда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Маңка-Жар коктусундагы селден коргоочу курулмасынан суу чыгып, натыйжада Арча-Бешик конушунун көчөлөрүн суу каптаган.

Буга байланыштуу акимчиликтин, МАБнын кызматкерлери ӨКМдин, шаардык кызматтардын өкүлдөрү менен биргеликте жеринде жыйын өткөрүп, кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүштү, анда “Бишкек жашыл курулуш” жана «Тазалык» муниципалдык ишканаларынан атайын техникалар тартылды.

Алсак, Азем көчөсүндөгү арыктарды тазалоо жана куурап калган бактарды кыюу, Жайыл-Батыр жана Чортеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги суу, топурактарды тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, Чоң-Арык муниципалдык аймактык башкармалыгынын Мусулманкулов көчөсү тазаланды.

Белгилей кетсек, учурда Маңка-Жар коктусундагы 2 сел тосмосунан келген суунун көлөмүн азайтуу боюнча адистер жеринде иштеп жатышат.