Ленин районунун акими Жыргалбек Шакиев административдик-аймактык реформанын алкагында Новопавловка айылынын тургундары менен жолукту.

Жыйынга ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө жер тилкелери, билим берүү, канализация, шагыл төшөлгөн жолдор, автобус каттамдары жана тротуарлар боюнча маселелер көтөрүлдү.

Бардык пункттар боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Белгилей кетсек, район башчысы ар бир шейшемби күнү саат 14:00дөн 16:00гө чейин Фрунзе көчөсү, 285 дареги боюнча жарандарды жеке кабыл алууда.