Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы шаарды кайтарууну жана таштандыларды мыйзамсыз таштоого бөгөт коюуну улантууда.

Белгилүү болгондой, санитардык мыйзамды бузуучулар эртең менен жана кечинде таштандыларды ыргытып, көрктөндүрүүнүн эрежелерин бузушат. Аларга натыйжалуу жооп кайтаруу жана чара көрүү үчүн рейд түнкүнсүн дагы жүрүүдө.  

Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 179-беренесинин 2-бөлүгүн бузгандыгы үчүн М.Э. аттуу  адамга айып пул салынды. Аталган жаран борбор калаадагы Журналисттер аллеясындагы жашыл аянтка батуттарды орнотуп, жашыл аянты зыянга учураткан. Эреже бузгандыгы үчүн балдар аттракционунун ээси 5 500 сом суммасында административдик жоопкерчиликке тартылат.

Санитардык эрежелерди сактабагандыгы үчүн дүкөндүн ээси Ж. У. Бга айып пул салынды. Ага КР укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114-беренеси боюнча 3 000 сом өлчөмүндө протокол түзүлдү.

Ошондой эле Октябрь районунун тургуну таштандыны чачып жаткан жеринен кармалды. Ага түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында эреже бузуучу таштандысын чогултуп жыйнап кетти.

Белгилей кетсек, шаар тургундары жана уюмдар тарабынан таштандылар ташталган көйгөйлүү жерлерде  иштер улантылууда.

Урматтуу шаардыктар жана уюмдар! Таштандыны белгиленбеген жерге ыргытпаңыз. Борбор калааны көрктөндүрүү эрежелерине бузуу фактылары катталса, күнөөлүүлөр жоопко тартылат.