Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы 12-кичи райондо жайгашкан гараж кооперативдеринин жанаша аймагында тартип жана тазалык талаптарынын сакталышын, ошондой эле "Тазалык"муниципалдык ишканасы менен түзгөн келишимдеринин бар-жогун текшерди.

Текшерүү учурунда гараж пайдалануучулар тарабынан көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

Тактап айтканда, "Ак жорго" гараж кооперативине таандык гараждардын ээлери автоунаа тетиктерин белгиленбеген жерге ыргытып жибергени аныкталды.

Эреже бузгандарга КРнын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык 17 000 сом суммасында протокол түзүлгөн.

Антисанитария боюнча административдик жоопкерчилик №21 гараж кооперативине да жүктөлгөн.

Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114-беренеси боюнча  салынган айып пулдун суммасы 13 000 сомду түздү.

Урматтуу гараж кооперативинин өкүлдөрү жана гараж ээлери! Сиздерден Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин сактоону жана санитардык талаптарды бузбоону суранабыз!