Жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Ленин районунун аймагында тиешелүү уруксат кагаздары жок алкоголдук ичимдиктерди саткан объектилер текшерилди.
Акимиаттын кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин, Ленин райондук мамлекеттик салык кызматынын жана Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.
Пландан тышкаркы текшерүүнүн жүрүшүндө уруксаты жок (лицензиясы) жана шайкештик сертификаты жок алкоголдук продукцияларды сатуу фактылары аныкталган.
Ошентип, алкоголдук продукцияны сактоо жана сатуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуунун аныкталган фактыларынын негизинде агенттиктин кызматкерлери төмөндөгү чарбакер субъекттерге карата административдик чараларды көрүштү жана алкоголдук продукцияны алып коюшту:
- Жеке ишкер Султанов А.М. "Жалал-Абад" кафеси, жайгашкан дареги: Бейшеналиева көч., 44А – 170 эсептик көрсөткүч (17 000 сом) өлчөмүндө айып салынып, 18 даана алкоголдук ичимдик алынды;
- Жеке ишкер Курманбеков Р.Т. "Кыргызстан" дүкөнү, жайгашкан дареги: Пушкин көч., 194 – 230 эсептик көрсөткүч (23 000 сом) өлчөмүндө айып салынып, 71 даана алкоголдук ичимдик алынды;
- Жеке ишкер Токторов А.М. «Дилбар» кафесине - 230 эсептик көрсөткүч (23 000 сом) өлчөмүндө айып салынып, 72 даана алкоголдук ичимдик алынды;
- Мамбетова Б. Армин дүкөнү, дареги: Павлов көч. - 75 эсептик көрсөткүч (7500 сом) өлчөмүндө айып пул салынды, 80 даана алкоголдук ичимдик алынды.