Бишкек шаарынын Свердлов районунун аймагында райондун балдар чыгармачылык борбору тарабынан уюштурулган улуттук прикладдык искусствонун ар кандай түрлөрү боюнча акысыз мастер-класстар өтөт.

Мастер-класстар Чүй, 32б дареги боюнча кичи Арбатта ар бейшемби күнү саат 16:00дөн 18:00гө чейин төмөнкү график боюнча өткөрүлөт:

- 20-июнь – "Кийиз жасоо";
- 27-июнь – " Көркөм айкел" (чоподон   жасалган сувенирдик буюмдар);
- 4-июль – "Ѳнөр KG" (кийизден кол өнөрчүлүк жасоо);
- 11 – июль - "Чий чырмакчылык".

Белгилей кетсек, иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепцияны бекитүү тууралуу»  Жарлыгынын алкагында, ошондой эле улуттук каада-салттарды сактоо максатында уюштурулган.

Бишкек шаарынын мэриясы жаш бишкектиктерди акысыз мастер-класстарга катышууга чакырат.