«Бишкекжылуулуктармагы» алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу максатында Жукеев-Пудовкин көчөсүндө магистралдык жылуулук тармагын реконструкциялоо иштерин улантууда.

Бүгүнкү күндө Горький көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейин жана Медеров көчөсүнөн Карасаев көчөсүнө чейинки эки участоктогу жылуулук тармактарын басым менен сыноого даярдык иштери жүрүп жатат. Калган башка участоктордо түтүктөрдү орнотуу жана изоляциялоо иштери уланууда.

«Бишкекжылуулуктармагы»  Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү бардык оңдоо иштерин өз мөөнөтүндө бүтүрүү үчүн жигердүү иш алып барууда.

Эске сала кетсек, үч подряддык уюм эки нөөмөт менен иштеп жатат. Бардык иштер графикке ылайык жүрүүдө.

"Бишкекжылуулуктармагы" шаар тургундарын жолго чыгуунун алдында каттамдарды пландаштырып, убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт.