Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы айдоочуларга жашыл аянттарга унаа токтоткону үчүн айып пул салууну улантууда.

Мыйзам бузуу 7-апрель көчөсүндө аныкталган. Жол боюнда соода жүргүзгөн шаар тургуну кичи автобусту  жашыл аймакка токтоткон.  Жаранга  түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, КРнын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 179-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык 5500 сом айып пул салынды.

Ошондой эле жашыл аянтка  унаа токтотуу фактысы 8-кичи райондо аныкталды.
Айдоочу унаасын бордюрдан өтүп жашыл аянтка токтоткон.  
Айдоочуга 5500 сомго протокол түзүлүп,  административдик жоопкерчилик каралды.
Дагы бир эреже бузуу А. Токомбаев көчөсү 23/2 дарегинде аныкталып,  жашыл аянтка унаасын токтоткон жаранга айып протоколу жазылды.  

Ошону менен катар Ленин районуна караштуу Фрунзе жана Уметалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жашыл аянтка унааларды токтотпоо үчүн чектөө лентасы тартылды.  
Белгилесек, ал жердеги жашыл аймакка көбүнчө  чет элдик жарандар  унаалардын токтотуп келишкен.  Инспекторлор тарабынан жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, унаалар жашыл аянттан алынды.

Белгилей кетсек, борбордогу жашыл аймактардын көбү башаламан унаа токтотуучу жайга айланган.
Скверлер дагы бара-бара унаа токтотуучу жайга айланып, чөп өсө турган жерлерди баткак басып,  ылай болууда.

Жашыл аянтка унаа токтоткондорго КРнын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 179-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык,  5500 дөн, 17000 сом өлчөмүндө айып пул салынаарын эскертебиз.