"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы шаардыктардын жана борбордун конокторунун ыңгайлуулугу үчүн Бишкек шаарынын аймагын көрктөндүрүү иштерин улантууда.

Ошентип, бригада Токтогул-Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер алдындагы өтмөктүн төрт өтмөгүндө тең кармагычтарды алмаштыруу иштерин баштады. Эски кармагычтар демонтаждалып, ордуна жаңылары орнотулууда. Ширетүү иштери аяктагандан кийин, аларды сырдоо пландаштырылууда.


Мындан тышкары, Байтик Баатыр көчөсүндөгү эки жер алдындагы өтмөктө иштер улантылууда. Биринчи кезекте вандализмдин издери жок кылынып, жер астындагы өтмөктүн дубалдары, үстү үч сыйра сырдалууда жана кармагычтары алмаштырылды.


Урматтуу шаардыктар жана борбордун коноктору!

Шаардын мүлкүн бузбоону жана жер астындагы өтмөктүн дубалдарына сүрөт тартпоону суранабыз.