Бүгүн, 14-июнда Бишкек шаарынын отун-энергетика комплекси боюнча мэрдин орун басары Таалайбек Байгазиев «Бишкекжылуулуктармагынын» объектисиндеги оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышып, ошондой эле ишкананын ишмердиги тууралуу  суроолор боюнча тиешелүү түзүмдөрдүн катышуусу менен кеңешме өткөрдү.

2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү магистралдык жылуулук тармактарын реконструкциялоо иштеринен кабар алды.

«Бүгүнкү күндө оңдоо иштери графикке ылайык жүрүп жатат, үч ишкана иш алып барууда, реконструкциялоо иштеринин жүрүшүндө диаметри 700 мм болгон түтүктөр 900 мм түтүктөргө алмаштырылат, ошондой эле  бекиткич арматуралар да толугу менен алмаштырылат. Реконструкцияланган тармактын узундугу 845 метрди түзөт, бул иштер ишкананын өздүк каражатынын эсебинен жүргүзүлүүдө», - деп билдирди «Бишкекжылуулуктармагынын» директору Уран Райымбеков.

“Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү жылуулук тармактардын реконструкциялоо иштери сапаттуу жүргүзүп, оңдоо иштерин август айынын аягына чейин бүткөрүлүшү керектигин баса белгиледи” -мэрдин орун басары.

Эскерте кетсек, жаңыланган тармактар Бишкек шаарынын тургундарын ишенимдүү жана туруктуу жылуулук менен камсыздайт. Бул жүргүзүлүп жаткан чаралар шаардын инфраструктурасы үчүн жана алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүүдө абдан маанилүү.