Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү мектепке чейинки  билим берүү уюмдарындагы балдар арасында “Бала манасчы – 2024” шаардык онлайн кароо-сынагын өткөрдү.

Шаардык онлайн кароо-сынакка райондук деңгээлдеги онлайн кароо-сынактардан алдыңкы орундарга ээ болгон балдар катышты.

“Бала манасчы – 2024” шаардык онлайн кароо-сынагында төмөнкүлөр алдыңкы байгелүү орундарга ээ болушту:


Айбийке Иманбекова (№51 МЧББУ);
Нурмира Шабданбекова (№135 МЧББУ);
Бектен Искендеров (№145 МЧББУ);
Рамазан Рысбеков (№79 МЧББУ);
Нурхан Кубанычбеков (№78 МЧББУ);
Ахмед Абдурасулов (№ 28 МЧББУ);
Элмырза Султанбаев (№1 МЧББУ);
Абубакир Жумабаев (№187 МЧББУ);
Амирхан Жапаркулов (№44 МЧББУ);
Арсен Рыскулбеков (№180 МЧББУ);
Кубатбеков Нуржигит жана Медер Жылкыбаев (“Аруужан” БЧБ).

Кароо-сынактын жыйынтыгы боюнча бардык катышуучуларга, ошондой эле балдарды даярдаган тарбиячыларга жана кыргыз тили мугалимдерине сыйлыктар тапшырылды.

“Бала манасчы – 2024” шаардык онлайн кароо-сынагы жаш балдар арасында “Манас” эпосун жайылтуу, “Кыргыз  Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын жана “Манас” эпосу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында уюштурулду.