Балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу, жайкы мезгилде балдардын ден соолугун чыңдоо, кылмыштуулукту алдын алуу жана жашы жете элек өспүрүмдөрдүн кароосуздугун азайтуу максатында борбордо мектеп лагерлери иш алып барууда.

Ошентип, борбордогу мектеп лагерлеринде түрдүү деңгээлдеги спорттук мелдештер өткөрүлүүдө.

Иш-чаранын максаты – дене тарбия жана спорттун бардык түрлөрү менен лагерлерде балдардын бош убактысын ар тараптуу өткөрүү, активдүүлүктү жогорулатуу жана аларды системалуу дене тарбия сабагы менен тааныштыруу.

Ленин районунун №80 орто мектептин   лагеринде спартакиада өтүп, анын жыйынтыгында «Дружба» командасы 1-орунду, «Кызгалдак» 2-орунду, «Цветочки» командасы 3-орунга ээ болушту.  

№40 орто мектептин мектеп лагеринде спорттук мелдеш   өттү. Жыйынтыгында “Апельсины” командасы 1-орунга, “Капельки” командасы 2-орунга, “Семицветик” командасы 3-орунга ээ болушту.

Свердлов районунда 12 мектептин базасында   ден-соолукту чыңдоо лагерлери ачылган. Учурда №10, 16, 21, 46, 87, 76 мектептеринде жана №66 ОТК МГ мелдештер аяктады.

Бардык жеңүүчүлөр жана байге ээлери медалдар жана тиешелүү даражадагы дипломдор менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, лагерлер шаардын 37 мектебинде иштеп, 31 мектепте тамактануу уюштурулган.