Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы өз билемдик менен орнотулган объекттерди демонтаждоо боюнча иштерди активдүү алып барууда.

"Гурман" кафесинин уруксат берүүчү документтери жок жеңил типтеги кошумча курулушу демонтаждалды.

Мындан тышкары, "Ориентал" жана "ГлавПивТрест" кафелеринин кожоюндары жер тилкесине курулуш иштерин жүргүзүп,  пайдалангандыгы үчүн акы төлөшкөн.

Урматтуу шаар тургундары, ишкерлер! Жерди пайдалануу жана курулуш эрежелерин сактоону өтүнөбүз.

Мыйзам бузуулар аныкталса,  Бишкек шаарынын мэриясынын жерди пайдаланууну контролдоо боюнча  башкармалыгы КР колдонуудагы мыйзамдарына ылайык чара көрөт.