Бишкек шаарынын мэриясынын «Санариптик технологиялар борбору» муниципалдык ишканасы тарабынан иштелип чыккан «Менин шаарым» мобилдик тиркемеси менен борбор калаанын жашоочулары арасында суроо-талап күн сайын көбөйүп жатат.

Алсак, бул мобилдик тиркемени 650 миңден ашуун Android и iOS колдонуучусу жүктөп алган.

Тиркеме шаардыктарга Бишкек шаарынын жашоо турмушундагы бардык маселелер боюнча кайрылууларын калтырууга, коомдук транспорттун жүрүшүнө онлайн режиминде көз салууга, ошондой эле шаардык муниципалитеттин ишмердүүлүгү жөнүндө жаңылыктарды алууга мүмкүндүк берет.

Кошумчалай кетсек, тиркеменин кийинки жаңылоосунда эвакуацияланган унаанын туура эмес жерге токтоп турган жерин аныктоо функциясы киргизилет.

Ошондой эле, «Менин шаарым» «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын «Бишкекгаз» филиалы, ААК КУЭТ, «Бишкекжылуулукэнерго» КИ жана Бишкек шаарынын мэриясынын «Тазалык» МИси тарабынан көрсөтүлгөн коммуналдык кызматтарга акы төлөө мүмкүнчүлүгү пайда болот.