Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы санитардык жана экологиялык эрежелерди бузгандарга каршы жума сайын рейд өткөрүүдө.

Күндүн биринчи жарымында борбордогу таштандыларды мыйзамсыз таштоо фактылары көп катталган пункттар текшерилди.

Таштанды таштоочу жайлар "Төкөлдөш" конушунда, Рыскулов жана Ак-Муз көчөлөрүнүн кесилишинде, ошондой эле  Ереванская, Горький жана Менделеев көчөлөрүндө аныкталган.

Үч жеке ишкерге, "Ханай Сервис" ЖЧК, "Регион" ЖЧК жана "Эрай Фарм"дарыкана пункту турмуш-тиричилик калдыктарын таштагандыгы үчүн КРнын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык айып пул салынды.  

Өндүрүштүк, өнөр жай таштандыларын жана медициналык калдыктарды чыгаргандыгы үчүн Ж. И. К., Д. А.,  жана Э. Э., аттуу жарандарга протоколдор түзүлдү.

Мындан сырткары "Роял Констракшн" СК, "Береке Фарм" ЖЧК, "Этажи" ЖЧК, "Салават СТР" ЖЧК, "Центр 1" ЖЧК жана үч жеке ишкер КРнын  укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114-беренеси боюнча көрктөндүрүү эрежелерин бузушкан.

"Комстройсервис" ЖЧК аймакты тазалыкка жана тартипке келтирүү үчүн мурда жазылган көрсөтмөнү аткарган эмес, ал үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 434-беренесинин 1-бөлүгү боюнча протокол жазылды.

Белгилей кетсек, муниципалдык инспекция ар бейшемби күнү таштандыларды чыгаруу боюнча рейддерди өткөрөт.
Бардык укук бузуучулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Урматтуу шаардыктар, уюмдар! Сиздерден санитардык, экологиялык эрежелерди сактоону суранабыз.