Бишкек шаарында 2024-жылдын 14-июнунда саат 09:00дөн 20:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге таза суу берүү токтотулат.

Өчүрүү аймагы Саманчин, Малдыбаев, темир жол линиясы жана Ибраимов андан ары Ж.Пудовкин көчөлөрү менен чектелет.

Жолдордун капиталдык оңдоого байланыштуу жана шаардык кызматтардын рационалдуу иштеши үчүн ишкана диаметри 400 мм болгон суу түтүктөрүн оңдоо иштерин жүргүзөт.

"Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы ишти тез арада бүткөрүүгө болгон аракетин жумшайт.  

Шаар тургундарын күн бою таза суу менен камсыз кылуу үчүн 14 унаанын жардамы менен ичүүчү сууну жеткирүү уюштурулат. Алар сууну күнү бою жеткиришет.

Мындан тышкары биодааратканалар орнотулат.

"Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.