"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы Бишкек шаары боюнча жол белгилерин жаңылап баштады.

Ишкананын бригадасы Биринчи май районунун аймагындагы жол белгилерин жаңылоодо.

Учурда, 12 адамдан турган бригада Баялинов жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде, ошондой эле Эркиндик бульварында эмгектенип жатышат.

Бригада жол белгилеринин мамыларын сырдоону ишке ашырат, ал эми жол белгилеринин жоктугу же абалы жараксыз болсо, аларды орнотуу же алмаштыруу иштери жүргүзүлөт.

Биринчи май районунун аймагындагы жол белгилерин жаңылоо аяктагандан кийин борбордун башка райондорунда да иштер улантылат.