Октябрь акимчилигинде социалдык маанилүү оорулар боюнча көп секторлуу ведомстволор аралык координациялык комиссиянын жыйыны болуп өттү.
Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ борборунун өкүлдөрү, шаардык ветеринардык кызматы, СПИДдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча шаардык борборунун, Билим берүү борборунун, СӨБ, № 6, 7, 8, 9, 10, 11, «Көк-Жар» МАБ, № 6,8 үй-бүлөлүк медицина борбору, Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун өкүлдөрү катышты.
Жолугушууда жугуштуу оорулар боюнча эпидемиологиялык абал, ошондой эле райондо жүргүзүлүп жаткан баңгизатка каршы иш-чаралар талкууланды.
Калк арасында жугуштуу оорулардын жайылышын алдын алуу максатында ветеринардык кызматтын, райондун МАБнын жана укук коргоо органдарынын биргелешкен профилактикалык иш-чараларын күчөтүү зарыл экендиги айтылды.
Медицина кызматкерлери жолугушуунун катышуучуларын калк арасында социалдык маанилүү оорулардын алдын алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңири пайдаланууга жана ВИЧ инфекциясын ыктыярдуу текшерүү боюнча иш-чараларды ишке ашырууга чакырышты.
Ошондой эле жаштардын психоактивдүү заттарды жана күчтүү фармацевтикалык препараттарды колдонуу фактылары талкууланды.
Белгилей кетсек, баңги заттардын биринчи профилактикасынын негизги максаты баңги заттарды колдонуунун башталышынын алдын алуу, ошондой эле аларды колдонуу менен байланышкан көйгөйлөрдүн пайда болуу коркунучун азайтуу.