Отун-энергетика комплексинин объектилеринин ишенимдүү, туруктуу жана коопсуз иштешин камсыз кылууга багытталган Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бирдиктүү саясатын жүргүзүү үчүн борбордун мэриясынын түзүмүндө Отун-энергетикалык комплекс департаменти түзүлдү.
Департамент Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги №89 «Отун-энергетикалык комплексинин айрым маселелери жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-июнундагы № 303 токтомунун негизинде түзүлгөн, ага ылайык Бишкек шаарынын мэриясына муниципалитеттин түзүмүнө шаардын отун-энергетикалык комплексинин ишин уюштуруучу мекеме болгон ишкананы түзүү тапшырылган.
Ошондой эле, Министрлер Кабинетинин бул токтому менен «Электр станциялары» ААКнын Бишкек шаарынын ЖЭБ жана «Бишкекжылуулук» ААК филиалдарынын мүлк комплекстери Бишкек шаарынын мэриясынын карамагына өткөрүлдү.
Бишкек шаарынын мэриясынын Отун-энергетика комплекси департаментине Бишкек шаарынын жылуулук, газ жана электр менен жабдуу тармактарын эксплуатациялоо жана өнүктүрүү боюнча иш-чараларды координациялоо жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктар берилди.