Свердлов райондук акимиятында «Санарип аймак» автоматташтырылган маалыматтык системасын колдонуу боюнча жыйын өттү.

Ага акимчиликтин жетекчилиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин (ГАМСУМО) өкүлү, ошондой эле МАБдын жетекчилери катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө бул системаны толтурууда пайда болгон орчундуу көйгөйлөрдү чечүү жолдору талкууланды.

Катышуучулар бул маселе боюнча бир катар сунуштарды киргизип, келечектеги иш пландарды талкуулашты.

Жыйынтыгында ишке ашыруу аракеттерин күчөтүү жана бул системанын ишин жакшыртуу тапшырмасы берилди.

Маалымдама: “Санарип аймак” системасы Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Инфоком” мамлекеттик ишканасы тарабынан иштелип чыккан. “Санарип аймак” тутумунун негизги максаты – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү адистердин ишин автоматташтыруу.