Байтик Баатыр, Абдрахманов жана Ахунбаев көчөлөрү капиталдык оңдоодон өтүүдө.

Кийинки аптадан баштап Бишкек мэриясынын кызматтары Юнусалиев көчөлөрүн жана Жибек-Жолу проспектисин оңдоп баштайт.

Июль айында Чүй проспектиси, Горький көчөсү жана 7-апрель көчөлөрүндөгү жолду оңдоо иштери башталат.

Буга байланыштуу борбор калаанын мэриясы жогоруда аталган көчөлөр боюнча курулуп жаткан объекттердин ээлеринен жаңы асфальт төшөлгөнгө чейин   бардык инженердик коммуникацияларды  курууну жана интернет-провайдерлерди "Кыргызтелеком" ААКсынын БШТТин жер астындагы телефон каналдарына кошууну өтүнөт.

Ошондой эле муниципалитет жогоруда аталган көчөлөрдү бойлото турган коммерциялык жана башка объекттердин ээлерине троллейбус жана башка таянычтардын жардамы менен тартылган электр линияларын инженердик-техникалык шарттарга жана "Бишкекбашкыархитектура" МИнин макулдашылган долбооруна ылайык, жер астындагы ыкма менен шайкеш келтирүүнү сунуштайт.
Белгилей кетсек, жогорудагы көчөлөрдү капиталдык оңдоо жана көрктөндүрүү алкагында таянычтар (троллейбус, сырткы жарыктандыруу ж.б.) алынат.