Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында II Бишкек эл аралык кинофестивалынын ачылыш аземи болду.

Иш-чарага Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Маданият министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Кинематография департаментинин директору Акжол Бекболотов, КМШ өлкөлөрүнүн кино адистери жана башкалар катышты.

Белгилей кетсек, фестиваль Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган.

Кинофестивалдын алкагында 30дан ашык тасма көрсөтүлүп, 6 мастер-класстар жана байге фонду менен питчинг уюштурулат.

Кинофестивалдын программасына   эл аралык сынактар, руханий жана адеп-ахлактык тарбиялоо максатында мамлекеттин  тарыхына арналган   тасмаларды көрсөтүү, ошондой эле дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн келген кинорежиссерлордун жана маданият ишмерлеринин катышуусунда панелдик талкуулар өткөрүлөт.