Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин жетекчилиги алдында борбор калаанын муниципалитетинде Координациялык кеңешме өттү.

Бир катар маселелер, атап айтканда, борбор калаанын негизги жолдорун капиталдык оңдоо, ошондой эле базарлардагы учурдагы абал талкууланды.

Жыйынга мэрдин орун басарлары, муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери, райондун акимдери, Бишкек шаарынын райондук салык кызматынын жетекчилери жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышты.

Борбор калаанын негизги көчөлөрүндө эки жумадан ашык убакыттан бери оңдоо иштери кызуу жүрүп жатат.

Айбек Джунушалиев шаардагы жолдорду капиталдык оңдоо акыркы жолу 2003-жылы жүргүзүлгөнүн эске салды.

Транспорт блогунун жетекчилерине негизги жолдорду оңдоону 2024-жылдын 31-августуна чейин бүтүрүү тапшырмасы берилди.

Ошондой эле шаар базарларында кассалык машиналарды жана электрондук-товардык коштомо кагаздарды киргизүү маселеси талкууланды.

Шаар башчысы муниципалдык базарларда кассалык аппараттарды колдонуу боюнча текшерүү жүргүзүү милдетин койду.

Бул маселени чечүү боюнча талкуунун жыйынтыгында шаар мэри сатуучуларды ЭТТН менен иштөө боюнча окутууну күчөтүү, ошондой эле райондордун акимдеринин катышуусунда жеринде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча тапшырмаларды берди.

Ошондой эле шаар мэри кызматтардын алдына базарларга контролдук-кассалык машиналарды киргизүү боюнча сунуштарды даярдоо жана киргизүү тапшырмасын койду.