Кыргыз Республикасынын Финансы жана экономика кызматкерлеринин күнүн белгилөөнүн урматына борбор калаанын муниципалитетинде сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев экономика жана каржы тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошентип, үзүрлүү эмгеги жана кесипкөйлүгү үчүн төмөнкү адистер сыйланышты:

- Бишкек шаарынын мэриясынын кол сааты менен:
Жаманкулов Сыргак Ырайымбердиевич – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бишкек финансы башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
Жалилов Якуб Яковлевич – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Октябрь финансы башкармалыгынын киреше бөлүмүнүн башкы адиси.

- Бишкек шаарынын мэриясынын күмүш төш белгиси менен:
Алмерекова Чынаркүл Жаныбековна – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бишкек финансы башкармалыгынын казыналык бөлүмүнүн башкы адиси.

- Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы менен:
Жунусов Талантбек Төлөгөнович – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бишкек шаардык финансы башкармалыгынын казыналык бөлүмүнүн башкы адиси;
Усупова Света Сырынбетовна – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Октябрь финансы башкармалыгынын казыналык  бөлүмүнүн башкы адиси;
Асипов Салморбек –«Кыргыз Республикасынын финансы-экономикалык жана салык системасынын ардагерлери» коомдук бирикмесинин төрагасы;
Сартбаева Роза Хафизовна  - «Кыргыз Республикасынын финансы-экономикалык жана салык системасынын ардагерлери» коомдук бирикмесинин мүчөсү.

- Бишкек шаарынын мэриясынын ыраазычылык каты менен:
Кенчимов Эмил Бахтиярович – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бишкек финансы башкармалыгынын чыгымдар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
Мырзабекова Айпери Маданбековна – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Свердлов финансы башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
Токтогулова Каным Кенжеевна – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Биринчи май  финансы башкармалыгынын жетектөөчү адисинин милдетин  убактылуу аткаруучусу;
Шаршенова Жанаргүл Бактыгуловна – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ленин  финансы башкармалыгынын башкы адиси;
Тентиева Жаркынай Муратбековна -Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин координациялоо жана жөнгө салуу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси.