Шаардын инфраструктурасын жакшыртуу программасынын алкагында «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы борбор калаанын конуштарына көчөлөрдү жарыктандыруу иштерин аяктады.

Алсак, «Арча-Бешик» конушунун 16-көчөсүндө 400 метр кабель тартылып, 50 Вт 12 чырак орнотулду.

«Ак-Өргө» конушундагы Кербез көчөсүндөгү 1390 метр узундуктагы 100 Вт кубаттуулугундагы 38 лампа орнотулуп, узундугу 1390 метр өзүн-өзү изоляциялаган  зым (само-изоляционный зым) тартылды.

Ошондой эле, Хан-Тенгри көчөсүнө 285 метр кабель тартылып, 7 50 Вт лампа орнотулду.

Бул жашоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө коопсуздукту жана ыңгайлуулукту камсыз кылып, кечинде жана түнкүсүн көрүнүүнү бир топ жакшыртты.