Бишкекте Балдар эмгегине каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө арналган иш-чара өттү.

Ага мэрдин орун басары Виктория Мозгачева, балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева, профсоюздар федерациясынын төрагасы Мурадил Жумадилде уулу жана Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин биринчи орун басары Жыпариса Рысбекова катышты.

Документалдуу жана анимациялык видео роликтер көрсөтүлдү. Мектептердин, кесиптик лицейлердин, колледждердин окуучулары өздөрүнүн эмгек укуктары жана милдеттери менен таанышып, кызыккан суроолоруна жооп алышты.

Мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жаштардын эмгек укуктарын коргоо жана колдоого, иш берүүчүлөр менен жамааттык келишимдерди жүргүзүү боюнча көмөк көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Маалымат үчүн: БУУнун Конвенциясында белгиленген Балдар эмгегине каршы Бүткүл дүйнөлүк күнү жыл сайын 12-июнда жашы жете электерди зыяндуу жумуштардан же алардын эмгегин эксплуатациялоодон коргоо максатында белгиленет.