Борбор калаанын Ынтымак паркында биринчи жолу балдар жана жаштар арасында экстремалдык спорт түрлөрү боюнча мелдештер өттү.

Иш-чарага BMX, скейтбординг жана кикскутер менен машыккан 50гө жакын жаш спортчулар катышты.

Мелдеш Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен өттү.
Иш-чаранын максаты-балдар жана жаштар арасында сергек жашоо образын жайылтуу, жаш спортчулардын мүмкүнчүлүктөрүн ачууга жана өзүнө болгон ишенимди арттырууга колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Белгилей кетсек, спорттун бул түрлөрү Кыргызстандагы балдар, өспүрүмдөр жана жаштар арасында күндөн-күнгө популярдуулукка ээ болууда.
Мелдештин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр сыйлыктар жана грамоталар менен сыйланышты.