Учурда капиталдык оңдоо жумуштары Байтик баатыр жана Иса Ахунбаев көчөлөрүндө жасалууда.

Байтик баатыр көчөсүнүн Аалы Токомбаевден Абды Сүйөркулов көчөсүнө чейинки бөлүгүнө асфальттын биринчи катмары төшөлдү.

Ал эми Иса Ахунбаев көчөсүндө  Чынгыз Айтматовдон Абдылас Малдыбаев көчөсүнө чейин асфальт басылууда. Токтоналиев көчөсүнө чейинки аралыкка эки катмар асфальт төшөлдү.  

Аталган эки көчөдө капиталдык оңдоонун биринчи этабын 15-июнга чейин бүтүрүү мерчемделүүдө.

Жолго төшөлгөн асфальттын калыңдыгы: биринчи катмары 6 см, экинчи катмары 5 см.

Белгилей кетсек, аталган эки көчөдө жолду капиталдык оңдоо 26-майда башталган. Байтик баатыр көчөсү Аалы Токомбаевден Жибек-Жолуна чейин, Иса Ахунбаев көчөсү  Чынгыз Айтматовдон Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин бир нече бөлүк менен жасалат.