Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында курулуп жаткан объектилердин маселеси боюнча жыйын өттү.

Кеңешменин жүрүшүндө Ала-Тоо аянтын, Д. Өмүрзаков атындагы стадиондун кичи аренасын реконструкциялоо, "Алга" спорт комплексин (мурда "Эмгек резервдери), Трудовая көчөсү, 4 дарегинде жайгашкан  дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексин куруу ж. б. маселелер каралды.

Башкы архитектор "Алга" спорт комплексинин эскиздик долбоорун көрсөттү.

Өз кезегинде, капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы №8 бала бакчанын  жана №68 мектеп-гимназиясынын  аймагында кошумча корпустардын курулушун, №40 бала бакчада капиталдык оңдоо иштерин аяктоого аз калганын билдирди.

Борбор калаанын башчысы бала бакчалардын аймагында табигый газонду уюштуруу маселесин кароо керектигин белгиледи.

Акимдерге тротуарлардын курулушун, ар бир объект боюнча курулуш иштерин өзгөчө көзөмөлгө алуу жана болгон кемчиликтер тууралуу ыкчам маалымдоо тапшырылды.

Мындан тышкары, Айбек Джунушалиев тиешелүү кызматтардын алдына аталган объекттердеги иштерди күчөтүү жана ишти эки нөөмөт менен уюштуруу – активдүү жана сапаттуу иштөө милдетин койду.

"Бүгүнкү күндө биздин милдетибиз көп, ишти күчтөндүрүп, өз убагында жетишибиз керек", - деп кошумчалады шаар башчысы.