Муниципалдык инспекция күн сайын борбордун санитардык абалын көзөмөлдөп, шаарды көрктөндүрүү эрежелерин  бузгандарды аныктоодо.

"ТС Групп Констракшн" курулуш компаниясынын жумушчулары курулуш таштандыларын өрттөшкөн.
Инспекторлор келген учурда өрт өчүрүлгөн.
Эреже бузгандарга Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык административдик жоопкерчилик  каралып, 23 000 сом айып салууга алып келген.

"ДорСтрой Групп" ЖЧКсы паркты курууда КРнын укук бузуулар жөнүндө кодексинин эки беренесин бузган.
Тактап айтканда,  115-беренин 2-бөлүгүн жана 179-берененин 2-бөлүгүнө ылайык протокол түзүлүп, салынган айып пулдун жалпы суммасы 40 000 сомду түзгөн.
Жанаша жайгашкан аймакты тазалыкка жана тартипке келтирүүгө 5 күндүк мөөнөт берилген.

Бакка электр зымын ороп, конструкцияны бузгандыгы үчүн жеке ишкер Б.М. айыпка жыгылган.
КРнын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 179-беренесинин 2-бөлүгү менен эреже бузуучуга 17 000 сом айып салынган.

Эреже бузгандардын тизмесинде дагы 3 шаар тургуну бар. Алар КРнын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114-беренесин бузган.

Эки жеке ишкерге 26 000 сом айып салынды, жеке адамга 3 000 сом өлчөмүндө протокол түзүлдү.

"Демир банкка" жанаша жайгашкан аймакты таза жана иреттүү кармоо, ошондой эле короодогу отургучтарды сырдоо жана калыбына келтирүү боюнча көрсөтмө берилген.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарындагы бардык уюмдар жана чарба жүргүзүүчү субъекттер борборду көрктөндүрүү эрежелерине ылайык тиешелүү түрдө жанаша аймакты таза кармоосу зарыл.