Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосунда КР Индия элчилиги уюштурууда.
Бишкек шаарынын мэриясы бардык каалоочуларды йога менен массалык машыгууга акысыз катышууга чакырат. Катышуучулар машыгуу үчүн килемчелерин алып алуулары керек.
БУУ 2014-жылдын декабрь айында жыл сайын 21-июнда Эл аралык йога күнүн белгилөө Резолюциясын кабыл алган.