"Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасы троллейбус айдоочулары менен жыйын өткөрдү.

Жолугушууга милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери жана МККБ директорунун орун басары Улан Саргашкаев, ошондой эле ишкананын директору Талантбек Капаров жана башка кызматкерлер катышты.

Жыйындын жүрүшүндө жол эрежелерин  жана жүргүнчүлөрдү тейлөө маданиятын сактоо маселелери талкууланды.
Ошондой эле суроо-жооп  өткөрүлүп, анын алкагында айдоочулар кызыккан суроолорун берип, жетекчиликтен жана МККБ өкүлдөрүнөн толук түшүндүрмөлөрдү ала алышты.