«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы диаметри 300 мм болгон суу түтүгүн оңдоо иштерин пландоодо.

Аталган иштердин алкагында 2024-жылдын 12-июнунда саат 10:00дөн 22:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки мекемелерге, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге таза суу берүү токтотулат.

Өчүрүү аймагы А.Масалиев– Ч.Айтматов– Садырбаев көчөлөрү менен чектелген.

Урматтуу шаар тургундары!“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.