А.Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театры 3-9-июнда Алматыда өтүп жаткан КМШ, Балтика жана Грузия мамлекеттеринин бешинчи жаштар театралдык форумуна катышууда.
Иш-чара тогуз өлкөдөн: Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандан келген 200дөн ашуун режиссёрлордун, драматургдардын, актёрлордун, сахна дизайнерлеринин, театр сынчыларынын көңүлүн бурду.
Бул долбоор узакка созулган чыгармачылык процесстин туу чокусу болуп саналат, анын ар кандай этаптарында эл аралык эксперттер мыкты спектаклдерди тандап, сынактык тандоо өткөрүштү. Жыйынтыгында жаш режиссёрлордун тогуз спектакли көрсөтүлдү.
Белгилей кетсек, бүгүн, 2024-жылдын 7-июнунда Кыргызстанда Бексултан Жакиевдин пьесасы боюнча Уланмырза Карыпбаевдин “Жаанын онтоосу” чыгармасынын бет ачары болот. 1982-жылы жаралган бул чыгарма бүгүнкү күндө курч жана заманбап угулат, муну эл аралык калыстар тобунун мүчөлөрү жана театр сынчылары белгилешти.
Форумдун алкагында уюштурулган лекция жана семинарларга А.Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрынын директору Жолдошбек Аманкулов, көркөм жетекчи, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Айгүл Умуралиева жана башкы сүрөтчү Зухра Мукамбетова катышат, бул жаш театр лидерлерин аныктап, КМШ өлкөлөрүнүн чыгармачыл жаштарынын маданият жана искусство тармагындагы кызматташтыгынын чөйрөсүн кеңейтип бириктире алат.